Айыккыс оору менен алышкан Аскат Букарбаев: "Эч жерим оорубайт деп өзүмдү алдаганым кыйынчылыктарды жеңүүдө жардам берет"

Бүгүнкү каарманыбыз Аскат Букарбаев жашоону сүйгөндүгү, жашоого болгон позитивдүү көз карашы менен өзгөчөлөнөт. Ал 27 жашта, I топтогу майып, гемофилия менен төрөлгөндөн тарта ооруп келе жатканына карабай алдына максат коюп, ага жетүүгө умтулат.

Аскат учурда мына ушул кышында суук, жайында үп болгон вагондо ата-энеси, кичинекей карындашы менен күн кечирет. Дагы бир карындашы турмушка чыгып, өзүнчө очор-бачар болгон. Вагондо бир бөлмө уктоочу, экинчи бөлмө ашкана жана Аскаттын уктоочу бөлмөсү катары кызмат кылат. Мындан 2 ай мурун болгон катуу шамал учурунда вагондун үстүнө кулаган дарактарды алам деп жатып атасы бутун чыгарып алган. Учурда ага операция жасалып, төшөктө жатат. Үй-бүлө апасынын жарыбаган маянасы, Аскаттын майыптыгы үчүн алган бир аз акчасына жашайт.

2015-жылы Аскат Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайдын музыка факультетине тапшырып, бир аз окуган соң оорунун жана акчанын тартыштыгынан баарын таштоого аргасыз болгон. Ага карабай вокал боюнча сабак алууну улантып келет. Ал оорусу, жашоодогу максаты, өлкө президенти менен жолугушуу кыялы жөнүндө SUPER.KG`ге маек курду.

АЙЫККЫС ООРУ МЕНЕН 27 ЖЫЛДАН БЕРИ АЛЫШЫП КЕЛЕТ

Каарманыбыз 9 айлык кезинде колун кесип алган. Эч нерседен шек санабаган апасы колун таңып коюп, эртең менен уулунун жаткан жеринин баары кан болуп калганын көргөн. Дарыгерлер наристе гемофилия (гемофилия – кандын уюшунун бузулушуна алып келүүчү оору, тукум куучу оорулардын катарына кирет) деген диагноз коюшкан.

"Мен төрөлгөндөн тарта айыккыс оору менен алышып келем. Аны айыктыруу бир гана Кудайдын колунан келет. 2001-жылдан 2015-жылга чейин коляскада отурдум. Эч нерсе кылбай, окууга да барбай үйдө отуруп калдым. Кийин Москвада бутума операция жасалып, басып калгандан кийин борбор калаадагы окуу жайлардын бирине сынак аркылуу өтүп кеттим. Бир күнү жатаканадагы балдар менен сүйлөшүп отуруп өзүмдү жаман сезип баштадым. Көрсө, мээден өзүнөн өзү кан кетиптир, комага түшүп калдым. Кийин эсиме келсем, сыртта жаз мезгили экен.

Тукум куучу оору, бирок ата-энем жактан бул оору менен ооруган эч ким жок. Жакшы болуп туруп эле күтүүсүз бир жериң ооруй башташы мүмкүн, анан ооруканага барып, укол аласың, күчөп кетсе, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калышың мүмкүн", - дейт Букарбаев.

"АТА-ЭНЕМДИН КЫЙНАЛГАНЫН КӨРҮП ИНТЕРНЕТТЕН ДЕМӨӨРЧҮ ИЗДЕЙ БАШТАДЫМ"

Аскат кокус музда жыгылып, бутун оорутуп албаш үчүн суук түшүп, кыш келгенден тарта көчөгө чыкпайт. Үйдө ата-энесине үй жумуштарын жасоого жардам берип, кичинекей карындашын мектептен тосуп аларын айтат.

Аскат апасы менен

"Кокус ооруп, денеңден кан кете баштаган болсо, дароо укол алышың керек. Болбосо өмүрүң менен коштошо берсең болот. Биз колдонгон дары өлкөдө жок. Бир кутучанын баасы 250 доллар турат. Кокус жыгылып, бир жериң канап кетсе, канды токтотууга мындайдан 70 даана керек болушу мүмкүн. Ооруканага түшүп калсаң, ал жакта да табылышы кыйын. Бизге негизинен колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен дарылар келет, айла жок ошолорду колдонобуз.

Ата-энемдин тапкан акчасы дары-дармегиме, операцияма жумшалды. Жадакалса жер сатып алып, үй салалы деген каражаттардын баары менин дарылануума кетип жатты. Андыктан майып арабасында отурган кезде интернет аркылуу демөөрчү издедим, бирок бизден андай адам чыккан жок. 2014-жылы орусиялык ар кайсы уюмдарга кат жаздым. Анан ал жактагы гемотология борборунан дары беребиз деп чыгышты".

Бул дарынын баасы 250 доллар турат. Тартыш болгондуктан, бейтаптар мөөнөтү өтүп кеткен дарыларды колдонууга мажбур.

"ӨЗҮМДҮ ӨЗҮМ АЛДОО ЖАНА ДОСТОРУМ ООРУНУ ЖЕҢҮҮДӨ ЖАРДАМ БЕРИШЕТ"

Аскат жашоо шартынын татаалдыгына, түрдүү көйгөйлөргө, жанды кыйнаган ооруга карабай позитивдүү ойлоого, жашоого аракет кылат. "Буга эч жерим оорубайт деп өзүмдү өзүм алдаганым жана досторум себеп", - дейт Аскат.

"Мурда жалаң өзүмө окшогон ооруган балдар менен дос болчумун. Сүйлөшкөнүбүз да оору тууралуу болчу. Анан андайдан тажап, башка дос-тааныштарды күтүп, алар менен тоого, эс алууга чыгып, кайгы-капамды унуттум. Аябай жакшы адамдар, мага дайыма колдоо көрсөтүп келишет. Досторум элге, президентке жардам сурап кайрылуумду сунушташты.

Социалдык тармактарда мен тууралуу жакшы-жаман сөздөр айтылып жатат. Кандай пикир айтылбасын баарына ыраазычылык билдирем. Эл аркылуу үнүм бийликке, президентке жетет деп ишенем".

Бул ашкана. Кечинде Аскат тамактануучу столду ары жылдырып, ушул жерде уктайт.

"2017-ЖЫЛЫ ПРЕЗИДЕНТКЕ ЖОЛУГУУ, ҮЙ АЛУУ КЫЯЛДАРЫМ БАР"

"2016-жылы ноябрь айында мен тизелеп отуруп, Кудайдан 2 бөлмөлүү батир алсам экен деп сурангам. Себеби ата-энем жана карындашым менен бирге турам. Негедир мен чын жүрөгүмдөн үйүм болот, келе жаткан 2017-жылда үй алам деп ишенгем. Ошондуктан батир алыш үчүн мен президентке жолугушум керек деген максат койгом.

Аны менен жолугушууда мен өзүмдүн гана көйгөйлөрүмдү эмес, жалпы эле гемофилия менен ооругандардын көйгөйлөрү, алардын кыялдары жөнүндө сүйлөшөйүн дегем. Мен ишенем, кыялдар орундалат", - деп сөзүн жыйынтыктады каарманым.

Вагондо күн кечирип жаткан Аскаттын кыялы - президентке жолугуу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aibars
2017-01-06 16:11:11
Omurun uzun bolsun. Balkim aiygyp keteersin bir tuuganym. Nomeri kandai? Admin Maga jonotup koiunuzdarchy. Eptep bir jerden jer ulushun aslakda ui turguzup beruugo araket kylalu. Iyladym jurogum oorudu Sen uchun bir tuuganym.
+11
futboler
2017-01-06 16:32:43
Кудайым дабаасын берсин
+3
omka100514
2017-01-06 16:37:41
Дарт берген Кудайым шыпаасын да берет, бул күндөр да өтүп кетет, көрбөгөндөй болуп кетесин буйурса
+3
aikokul14
2017-01-06 17:00:21
Кудай ай,колдон келсе кана баарына эле жардам берейин дейсин,мумкунчулук жок.
+6
batsam
2017-01-06 17:08:51
Тилегинди Аллахым кабыл кылсын. Сабира эже сиз кичине шарият жолуна тушуп жолук салынып 5 маал намазды тургузсаныз Ин Ша Аллах баары оз жолунда болот. А Ш.А Кудай буйурса эки болмолуу батир беришине чын журоктон тилектешмин. Аамиин..
+6
taalai16
2017-01-07 02:13:54
Аскаттын ватсапка кирген номерин жазып койгулачы админ
0
ABDISHkg87
2017-01-07 02:57:51
Алла шыпасын берсин, ойлогон максаттарга жеткин, эх колумда болсо баарына жардам бермекмин! Бул да болсо сыноо,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан