Талас. Облуста "Биргелешип башкаруу программасынын" өкүлдөрү жыйын өткөрүштү

Бүгүн, 25-апрелде Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде бейөкмөт жана мамлекеттик уюмдар менен "Биргелешип башкаруу программасынын" өкүлдөрү катышкан жыйын болуп өттү.

“Жыйындын негизги максаты - бейөкмөт менен мамлекеттик уюмдардын ортосундагы алаканы бекемдөө”,- деди аталган программанын мониторинг жүргүзүү боюнча менеджери Нургүл Алыбаева.

Ист-Вест менеджмент институту демилгелеп жаткан  "Биргелешип башкаруу программасы" төмөнкү компоненттерди өзүнө камтыйт:

1. Социалдык тармактагы сатып алууларды колдоого көмөк көрсөтүү

2. Бейөкмөт уюмдардын потенциалын жогорулатуу

3. Жарандардын кызыкчылыгын алдыга жылдыруу жана мамлекеттин ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан