Кербен шаарын таза суу менен камсыз кылууга Бүткүл дүйнөлүк банктан 4 миллион 200 миң доллар акча каражаты бөлүнгөн

2016-жылы Кербен шаарында 2 бала бакчанын имараттары сатылып алынып, ишке берилди. Бул тууралуу аталган шаардын мэри Абдумалик Апсаматовдун жылдык отчётунда жазылган.

Маалыматка ылайык, Ак-Дөбө айылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 миллион сомго эски балдар бакчасынын имараты сатылып алынып, 1 миллион 500 миң сомго оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ишке берилген. Курулуш айылындагы 100 орундуу №6-"Ак-Куу" балдар бакчасынын имараты 683 миң сомго алынган. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен бардык бала бакчаларга 870 миң сомдук стол, отургуч жана башка инвентарлар сатылып алынган.

"№7-"Арча-Бешик", №3-"Бүчүр" жана №5-"Наристе" балдар бакчаларынын ар бирине 275 миң сомдук ашканалар курулду, №3-"Бүчүр" балдар бакчасына жергиликтүү бюджеттен 250 миң сомдук чатырча (беседка) курулуп, ишке берилди. С.Качыкеев атындагы орто мектебине 57 миллион сомго "капиталдык салымдар" беренеси боюнча жаңы имарат курулду", - деп жазылат отчётто.

Каржы министрлигинин жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 миллион 500 миң сомго Үмөталиев, Ниязалы жана Ленин көчөлөрүндөгү жолдордун жээгине лотоктор орнотулуп, Ниязалы көчөсүнө 300 метр, Күлүк-Дөбө айылындагы борбордук көчөгө 2 миллион 934 300 сомго тротуар салынып, шаардын кире беришине 110 миң сомго “Теке” эстелиги орнотулган.

"Жардуу-Колот айылындагы Барпы каналын бетондоого жергиликтүү бюджеттен 1 миллион 72 миң сом жумшалды. Кербен шаарын таза суу менен камсыз кылуу максатында Бүткүл дүйнөлүк банктан 4 миллион 200 миң доллар акча каражаты бөлүнүп, жумуштар башталган", - деп кошумчалаган мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suban78
2017-01-05 16:27:14
Ни че се. Текени союз маалында эле курушкан эле го. Же дагы башка теке курулдубу.
+3
Elmar
2017-01-06 16:23:53
Теке качанкы текего))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан