Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкер Нурдин Абдылдаев учурдагы мэр Албек Ибраимовду ачык дебатка чакырды. Бул тууралуу "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Талапкердин айтымында, борбор калаа башчысын шайлоодо бишкектиктердин добуштары эске алынышы керек. Анын пикиринде, Бишкекте көптөн бери жарандардын ою эске алынбаган, атаандашсыз мэрди шайлоо жүрүп жатат.
"Бишкек шаарынын депутаттары шайлоочуларынын добуштарынын аркасы менен келгени эсинде болушу керек. Мэрди шайлоо 45 адамдын гана чечими эмес, Бишкек шаарынын бардык жашоочуларынын кызыкчылыктарын чагылдырышы зарыл. Ошондуктан бишкектиктер шайлоо процессине активдүү катышуусу керек", - дейт Абдылдаев.
Ал белгилегендей, бишкектиктерди мэр шайлоого аралаштыруунун бирден-бир жолу – бул телеканалдардын биринде түз эфирде суроо берүү мүмкүнчүлүгү менен дебаттарды көрсөтүү. Мэр Албек Ибраимов жарандардын кызыкчылыгында бул чакырыкка макул болушу керектигин Абдылдаев кошумчалады.
"Эгерде мэр эффективдүү жана ак ниети менен иштеп жаткан болсо, корко турган эч нерсе жок. Дебаттар – бул мелдеш гана эмес, бишкектиктер алдында отчёт берүүнүн бир түрү. Албек Ибраимов аткарган ишинин жыйынтыгы жана пландары тууралуу шаардыктарга ачык айтып бериши зарыл", - деди Н.Абдылдаев.
Айта кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы шаар мэрлигине Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин көрсөтөт. КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика-Ата Журт" фракцияларынан турган көпчүлүк коалициясы Албек Ибраимовду шаар мэри кызматына көрсөтүү чечимине келген.
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо үстүбүздөгү жылдын 11-январында өтөт.