24-апрелде Чүй облусунун Арал айылынын 57 жаштагы Э.Е. аттуу тургуну Иж-18 үлгүсүндөгү мылтыкты өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине тапшырып берди. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдагандай, айыл тургуну бул куралды балык уулоо учурунда таап алганын айткан. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми Чүй облустук ИИБи курал-жарак, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырган адамдар жоопко тартылбай турганын эскертет.