Бүгүн, 25-апрелде президент Алмазбек Атамбаев “Рус Гидро” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды. Жолугушууда кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн ортосундагы “Жогорку Нарын каскадынын” курулушунун ишке кириши жөнүндө түзүлгөн келишимди ишке ашыруу тууралуу талкуу болду. Өлкө башчы ГЭСтердин курулушун өз убагында баштоо маанилүү экендигин баса белгиледи. Евгений Дод орусиялыктар ушул жылдын май айында “Жогорку Нарын каскадын” куруу иштерине киришерин билдирди. Ал “биз тарапка коюлган милдеттер сөзсүз түрдө аткарылат”,- деп билдирип, бул багыттагы суроолор Москвада соода-сатык-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү аралык комиссиянын 15-отурумда каралганын кошумчалады.