Бишкек мэриясы: "Акча алмаштыруучу жайдын кызматкери таштанды таштоочу урнаны даараткана катары колдонуп жүргөн"

4-январь күнү Бишкек шаарындагы Манас кең көчөсү жана Киев көчөсүнүн кесилишинде жагымсыз окуя катталган. Анда шаардагы акча алмаштыруучу жайлардын биринин кызматкери полиэтилен баштыкчага заара ушатып, кайра "Тазалыктын" кызматкерлеринен анын артынан жыйноосун талап кылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы бүгүн, 6-январда билдирди.

"Кызматкерлер бул убакта өз жумуштарын жасап жатышкан. Алар өз дарегине бейтааныш эркек тараптан мындай мазактоолорду күтүшкөн эмес. Окуя болгон жайга дароо Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери барышып, буга чейин да таштанды таштоочу урнаны даараткана катары колдонуп жүргөн жарандын ким экенин аныкташкан. Коомдук тартипти бузган Г.Сга административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча протокол түзүлгөн. Ал күнөөсүн мойнуна алып, мындан ары тартипти сактаарын билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу шаардык муниципалитет тургундарга мындайча кайрылган:

"Урматтуу шаардыктар, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону өтүнөбүз. Алар жамгыр, суук, аяздуу жана аптаптуу күндөргө карабай эмгектенишет. Андыктан коомдук жайларда тазалыкты сактап, таштандыны көрүнгөн жерге таштабай, санитардык эрежелерди сактоону суранабыз!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
aibars
2017-01-06 12:39:25
Уяты жок десе!!!
+13
KaiMak
2017-01-06 13:36:34
Ошодон коро валютандын ичине ХХХ! Атаман чон киши экенсин
+7
admin_portal
2017-01-06 15:49:04
KaiMak, этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуӊуз.
-3
dasta
2017-01-06 12:45:55
Озун сыйлабаган адам озгону еч качан сыйлай албайт....
+15
erlist
2017-01-06 12:52:17
Бу эч кандай тарбиясы жок адам маданиясыз
+12
tuigan.
2017-01-06 12:53:20
Балит десе,уят олумдон катуу!!!Бул кылыгынды бут эл корду.эми не кыласын??
+16
asad345
2017-01-06 12:55:44
Коомдук даараткана куруп койсо болмок мэрия. Жоопкерчиликти жарандарга жуктой бербей. Бюджети 7 млрд.
-15
bond
2017-01-06 13:28:18
asad345,7 млрд Бишкек учун ото аз акча каяктагыны суйлобогулочу.
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-06 13:41:16
Эми ушу ар бириндин артынан ээрчисинби бул кайсы кычыка жайлайт экен деп кыргыз эли эмне болуп баратабыз кичине бири бирибизди сыйласак бизди кудай эле сактап турат
+5
hihikayu
2017-01-06 14:18:25
asad345,эми кочонун ар жерине эле даараткана кура бериш керекпи?
+4
mr.ulan89
2017-01-08 00:17:53
asad345,коомдук даараткана курса деле кыла берет мындайлар ошол иштеген жеринде не даараткана жок дейсинби конечно бар бул жон гана уяатсыздык
+1
ainur78007
2017-01-06 13:08:48
Чачын ак баскан аксакал,жаштарга улгу болчу адамдын кылары ушулбу?тообо
+13
momun74
2017-01-06 13:55:06
УЯТ!!!
+3
aseras
2017-01-06 14:04:43
ХХХ го...ХХХ мындан кийин)).Адамдын конулун айлантып ХХХ
+5
admin_portal
2017-01-06 15:49:49
aseras, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
-1
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-08 08:34:52
admin_portal, бул кишиге айып акча салбай ошол таштанды салган чаканы 1 ай тазалап турасын дешпейби корот элем ошондо
+1
Firdaus-Muslim
2017-01-06 20:35:51
Жашыңда калжаң болсоң, карыганда мылжың болосуң.

Сен таза болсоң, мен таза болсом коомда таза болот.
+3
ruslanz
2017-01-06 23:11:02
Суротун чыгарып койсонор эн чон жаза болмок
+3
Izdeim_seni.
2017-01-07 15:56:16
Заара ушатпай эле,чонго барган дер журушот ко
0
Izdeim_seni.
2017-01-07 15:56:54
Маданият,ыйман,адеп жылын ачыптыр да бул адам чалыш
+1
sgushenka
2017-01-08 00:29:44
Кор болгур! Башынан ылдый куюп салса! ХХХ карыганын билбеген, 5 жашар балада ушул кылыкты кылбайт. Ичим орттонуп кетти окуп.
0
admin_portal
2017-01-09 11:40:35
sgushenka, этика нормаларын сактаңыз!
0
tyrgon
2017-01-15 21:41:33
кыргыз эмеско фамилиясы чото башкачаго. куда келиндеринин алдында кантти экен ))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан