24-апрелде Бишкек шаарындагы “Сейтек” өспүрүмдөр борборунда салттык ушу спорту боюнча Бишкектин чемпиондугу өттү. Анда 9 жаштан 70 жашка чейинки ушу менен машыккан шаардын 150дөй тургундары күч сынашты. Мурда айтылгандай, мелдештин жыйынтыгында күчтүү спортчулар тандалып, салттык ушу боюнча эл аралык мелдеш жана чемпиондуктарга катышуу үчүн КРнын Ушу федерациясынын курама командасы түзүлөт. Ал эми борбордун чемпиондору төмөнкүлөр аталды: Андрей Щербаков, Нурай Кубаталы кызы, Данил Орлов, Каролина Шайлообекова, Кубанычбек Жайнапов, Элес Кокумбек кызы, Данил Власов, Рашид Маджун, Виктория Воробьёва, Нургүл Алишерова, Айсалкын Ташматова, Абдулмажид Абдурахманов.