Бүгүн, 6-январда мамлекеттик ишмер, Кыргыз өлкөсүнүн
экс-премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев 61 жашка толду.
Ал 1956-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. 1979-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Алай жол-курулуш башмармалыгында мастер, прораб болуп иштөөдөн баштаган.
1980-1985-жылдары - Өзгөн жол-курулуш башмармалыгында мастер, прораб, башкарма;
1985-1992-жылдары - “Түштүк жолтранскурулуш” трестинин башкы инженери, башкаруучусу;
1992-1996-жылдары - Кыргыз Республикасынын Транспорт министринин биринчи орун басары;
1996-1997-жылдары - Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо жана эксплуатациялоо боюнча башкы дирекциянын башкы директору;
1997-1998-жылдары - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министри;
1998-2000-жылдары - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;
2000-2001-жылдары - Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын башчысы;
2001-2003-жылдары - Ош шаарынын мэри;
2003-2004-жылдары - КР Президентинин электр-энергетикалык коопсуздук боюнча атайын өкүлү;
2005-2006-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2006-2007-жылдары - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, президенттин түштүк регион боюнча өкүлү;
2010-2011-жылдары - КРнын Вице-премьер-министри - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору;
2011-2012-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчиси;
2012-жылдын 6-сентябрынан 2014-жылдын 25-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп иштеген.
6-январга карата жылнаама.