Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдагы иш сапарынын алкагында 6-январда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Өлкө жетекчилери Кыргыз Республикасы менен Кытайдын кызматташтыгын, биргелешкен долбоорлордун аткарылышын талкуулашты.
Цзиньпин Кыргыз мамлекети менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамиленин түзүлгөнүнө 25 жыл болгонун белгилеп, бул аралыкта өлкөлөр саясий диалогду жана соода-экономикалык кызматташтыкты жолго салышканын айтты.
Алмазбек Атамбаевдин өлкөлөр ортосундагы активдүү саясий диалог жолго салынып, экономикада, маданий-гуманитардык багытта жана коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтык өнүгүп жатканын айтып: "Биздин эки тараптуу мамилелер стратегиялык кызматташтык деӊгээлине чыгарылды, бул биздин өз ара алака-катыштардын бийик деӊгээлин көрсөтөт", - деди.