Электр энергиянын тарифи президенттик шайлоодон кийин көтөрүлүшү күтүлөт

Кыргыз мамлекетинде электр энергиясынын тарифи 2018-2020-жылдары көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу 6-январда Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн эксперттик тобунун жыйынында айтылды.

Тийиштүү агенттиктин билдиришинче, Кыргыз жеринде электр энергиясы боюнча тарифтер ар 3 жылда өзгөртүлүп турат. Каржылык кризистен улам 2015-2016-жылдары электр баасы кескин көтөрүлбөгөнү айтылды. Жогорку Кеӊештин аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотов өкмөт өкүлдөрүн электр энергиясын импорттоодогу баанын көтөрүлүшү боюнча элге туура маалымат жеткирүүгө чакырды. "Мурда электр энергиясы импорттолуп, баа көтөрүлгөн. Азыр импорттолгон жок, бирок баа ошол бойдон калды. Ошондуктан элде нааразычылыктар жаралууда", - деди Шаболотов.

Эскерте кетсек, бул боюнча өкмөт өкүлдөрү былтыр да парламентте так маалымат бере алышкан эмес. Электр жарыгынын баасы президенттик шайлоо өткүчө туруктуу кармалары күтүлүүдө. Шайлоо быйыл күз айларында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан