Бүгүн, 25-апрелде Баткен облусунун Бужум айылындагы аскердик машыгууларды өткөрүү аянтында
“Баткен антитеррор - 2013” аттуу командалык штабдык машыгуулар болуп өттү. Иш-чара УКМКнын Террорчулукка каршы күрөшүү борбору тарабынан демилгеленип, ЕККУнун колдоосу менен уюштурулду. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, УКМК, Мамлекеттик чек ара кызматы, Тышкы иштер министрлиги, Коргоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, облус жетекчилери катышты. Машыгууда күч органдарынын кызматкерлери террорчуларды кармоодогу ыкчам аракеттерин жана барымтадагы адамдарды куткаруунун жолдорун көрсөтүштү.
Иш-чаранын аягында мыкты катышуучуларга Ардак грамоталар жана сыйлыктар ыйгарылды.