"Кыргызстандан Түркия аркылуу Сириядагы согушка алынып кеткен балдардын саны көп болушу мүмкүн". Мындай билдирүүнү бүгүн, 25-апрелде депутат Өмүрбек Бакиров билдирди. Айтымында, Кызыл-Кыя шаарынан 11, Араван районунан 3 бала Түркияга кеткени такталды. “Бул жарандар Бишкек-Стамбул, Ош-Стамбул каттамдары менен 25-марттан 10-апрелге чейин өлкөдөн чыгып кетишкен. Биз Түркияга барган соң, 1994-жылы туулган бала апасы менен телефон аркылуу байланышып, учурда шериктери менен Түркиянын Адана шаарында экендигин айтты. Бул шаар Түркия менен Сирия мамлекеттери чектешкен жерде жайгашкан. Демек, балдар Стамбул шаарынан кетип, чек арага жакындап калышыптыр. Учурда Түркиянын прокуратурасы бул ишке байланыштуу кылмыш ишин козгоду”,- деди эл өкүлү.