Таластагы Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан айылдын четиндеги кашардан эки адамдын жансыз денесинин табылганы боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 31-декабрында саат 14:00 чамасында Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын Чат жайлоосундагы кашардан эркек кишинин асылган денеси табылган. Андан соң түпкү бөлмөдөн зомбулук менен өлтүрүлгөн адамдын денеси да табылган.
"Асынуу жолу менен өзүнүн өмүрүн кыйган адам Жумгал районунун 1965-жылкы М.А. аттуу тургуну экени аныкталды. Ал мурун "адам өлтүрүү" беренеси боюнча соттолгон, өзүнүн туруктуу үйү жок болуп, бул кашарда иштеп жүргөн. Ал эми экинчи жаран Көк-Сай айылынын 1971-жылкы тургуну С.Т., ал ушул кашардын ээси болгон", - деп жазылат маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгону маалым болду. Өлүмдүн так себебин билүү үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Айтылган маалыматтар боюнча, чабан кашардын ээсин сабаган, жыйынтыгында жаракаттардан улам ал каза болгон. Андан бир күн өткөн соң чабан да асынып алган.
"Ошол күнү алар бир нече адам менен алкоголдук ичимдик ичишкени маалым болду. Коноктор түндө тарашкан. Кашарда экөө гана калган. Чабан өлтүргөнүн моюнуна алганын уккан күбөлөр бар", - деп билдиришет ИИМден.