"Түркиянын жаранын алдап, 1500 долларын алган" деп шектелген жаран кармалды

Милицияга Түркиянын 36 жаштагы Ч.И. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Арызында 2016-жылдын февраль айында Дмитрий аттуу жаран анын ишенимине кирип, документтерин каттоо шылтоосу менен 1500 доллар алып, ошол бойдон жок болуп кеткенин жазган.

"Разбойник" рейддик иш-чарасынын алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары К.Д. аттуу 45 жаштагы бишкектик тургун кармалып, иликтөө бөлүмүнө өткөрүлгөн", - деп билдиришкен Бишкек ШИИББинен.

Мындан сырткары иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган жаран дагы ушуга окшогон кылмышка шектелип жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tunerbei1812
2017-01-09 12:15:27
Базар экономикасы адамдардын баарын шылуун, аферист, суу куйду кылып бутту.
-1
nurikkg1
2017-01-09 12:44:43
Турктор тойгозду терорру да КЫРГЫЗ Уурусу да КЫРГЫЗ деп уффф.........
-1
Sagyn.91
2017-01-09 14:03:24
Кыргыз олгону калган окшойт, ар жерге тумшугун салып!
-4
Saribulak
2017-01-09 14:40:48
Турцияда биздин мекендештерди кордоп деле жатышатго аларды эмнеге жазышпайт
-2
Aiko_92_29_08
2017-01-09 15:32:30
Орус сен эле калдын эле озу Кыргызды жаман атты кылбаган,эртен Американец кылса да тан калчудай эмесмин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан