Бишкекте жаранга күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алган шектүү кармалды

Бишкек шаарынын 29 жаштагы М.Ч. аттуу тургуну арыз менен милиция бөлүмүнө кайрылган. Анын айтымында, 6-январдан 7-январга караган түнү саат 02:30 чамасында үйүнүн жанындагы белгисиз адамдар жолдошуна күч колдонуп "Нокиа" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышкан.

"Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Б.С. аттуу Бишкек шаарынын тургунун кармашкан", - деп жазылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран тергөө бөлүмүнө өткөрүлгөнү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kai42444
2017-01-09 16:52:42
Адамдар эмне болуп баратат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан