Экс-аткаминер Учкунбек Ташбаев боюнча сот иши 30-апрелде башталат

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 30-апрель күнү Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Учкунбек Ташбаев боюнча сот иши башталат. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошова кабарлады. Ушул эле күнү саат 16:00дө Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин мурдагы башчысы Пайзуллабек Рахмановдун иши каралат.

Айта кетсек, У.Ташбаевге 16-январда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, аткаминер камакка алынган. Ал кен иштетүү тармагындагы коррупциялык иштер боюнча, тактап айтканда, "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда. Ал эми Пайзуллабек Рахманов эл аралык издөөдө жүрүп, 15-июнда Казакстанда кармалып, 29-январда Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. Ал дагы "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда. Рахманов Бакиевдин бийлиги тушунда Бишкек шаарындагы Свердлов районунун акими, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин директору болуп иштеген.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан