Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагылышты

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кечээ, 8-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 486-чакырымында эки унаа кагылышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 9-январда билдирди.

"Мерседес үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Жол кырсыгынан Фольксвагендеги 2 адам жаракат алган", - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жеткенге чейин жаракат алгандарды "Тез жардам" кызматкерлери алып кетишкени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tunerbei1812
2017-01-09 16:26:50
Абайлагылачы айланайындар!!!
0
more22
2017-01-10 09:24:33
Окуя болгон жерге куткаруучулар жеткенге чейин жаракат алгандарды "Тез жардам" кызматкерлери алып кетишкени маалым болду. Ха ха го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан