Кыргызстандагы 2 жолду оңдоого Кытайдан насыяга алынуучу каражат тууралуу макулдашуу ратификацияланды

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын Каржы министрлиги менен Кытайдын экспорт-импорт банкы ортосундагы жеңилдетилген кредиттик макулдашуу ратификацияланды. Келишимге ылайык, Кытай банкы  Ош-Баткен-Исфана жана Кубакы-Балыкчы жолдорун оңдоо үчүн 129 миллион 800 миң доллар бөлүп берет. Анын 91,4 миллион доллары Ош-Баткен-Исфана жолунун айрым участокторун оңдоого, 38,4 миллион доллары Кубакы-Балыкчы унаа жолун оңдоого жумшалат. Келишимдин шартына ылайык, насыя 2 пайыз үстөк менен 20 жылга берилет. Алгачкы 9 жыл жеңилдетилген мезгил болуп саналат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан