Сапар Исаков: “Карандай калпты тараткандардын бет тырмарлыгына таң калдым”

Социалдык тармактарда "О!" мобилдик операторунун бирдиктерин жүктөө акысынын 10 сомго кымбатташына (Бул сумма мурдагыдай 5 сом боюнча калат деп чечилди. А.Д.) президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун тиешеси бар деген маалымат таркатылууда. SUPER.KG порталы "Чын эле аталган дилердик компанияларга кожоюндук кыласызбы?" деген суроо менен Сапар Исаковго кайрылды. Ал төмөнкүдөй жооп берди:

"Фейсбук баракчаларында, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында мени “элди карактоочу” деп күнөөлөшүүдө. Ал жөнүндө Пекинде жүргөндө уктум. Жумшагыраак айтканда, бул карандай калп маалыматтарды таркатып жаткандардын бет тырмарлыгына таң калдым. Бул жана социалдык тармактарда мага таңууланып жаткан башка иштерге эч кандай тиешем жок. Муну мен жалган жалаа катары, мени эл алдында жаман көрсөтүү аракети катары баалайм.

Албетте, бул жалган маалыматтардын алдына кол койгон адамдардын ысымдары ойдон чыгарылган. Фейсбукта алардын атынан аккаунттарды ачышып, кайсы бир күчтөр ушундай ыплас аракеттери менен коомчулуктун көзүн атайылап будамайлап жатышат. Өткөн дем алыш күндөрү WhatsApp мобилдик тиркемеси аркылуу да ушундай жалган маалыматтарды таркатууну улантышты. Бул бир кезде элге таркатылуучу жалган баракчалардын мезгилин эске салат, бул жолу алар заманбап технологияларды, интернетти пайдаланып жатышат.

Жалпыга жеткиликтүү мейкиндикте таркатылып жаткан ушундай чындыкка коошпогон маалыматтар, көө жабуулар жана жаманатты кылуу аракеттери менин ар-намысыма жана мамлекеттик кызматкер катары беделиме шек келтирүүдө. Ошондуктан мен өзүмдүн конституциялык укугумдан пайдаланып, сотко арыз берүү тууралуу ойлонуп жатам. Бирок, тилекке каршы, жалган маалыматтарды таркатып жаткандардын ысымдары ойдон чыгарылган анонимдүү ысымдар болуп, бул ыплас иш үчүн жоопкер адамды так аныктоо кыйын болуп жатат. Албетте, акыл-эси толук адам же абройлуу ЖМК бул сандырак маалыматты таркатмак эмес.

Ооба, биз демократиянын эң башкы принциптеринин бири болгон сөз эркиндигин сыйлайбыз жана колдойбуз, бирок ал өзүм билемдикке алып келбеш керек. Эркиндик менен бирге жоопкерчилик да болушу керек го деп ойлойм".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан