ЖЫЛНААМА, 10-ЯНВАРЬ: 97 жыл мурун алгачкы эл аралык саясий уюм - Улуттар Лигасы түзүлгөн

Мындан 97 жыл мурун, 1920-жылы 10-январда алгачкы эл аралык саясий уюм - Улуттар Лигасы түзүлгөн.

Улуттар Лигасы - 1920-1946-жылдардагы универсалдуу эл аралык уюм, азыркы Бириккен Улуттар Уюмунун түпкү теги. I Дүйнөлүк согуштан кийин эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, согуштук жаңжалдарды болтурбоонун алдын алууга көмөктөшүү жана бүткүл дүйнөлүк тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо үчүн түзүлгөн. Улуттар Лигасынын штаб-квартирасынын жайгашкан жери Швейцариянын Женева шаары болгон. СССР 1934-1939-жылдары бул уюмдун мүчөсү болгон. БУУ уюштурулганына байланыштуу 1946-жылы 20-апрелде Улуттар Лигасы таркатылган.

1920-1933-жылдары Жеймс Эрик Драммонд, 1933-1940-жылдары Жозеф Луи Анн Авеноль, 1940-1946-жылдары Шон Лестер аталган уюмду башкарган.

10-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан