Мындан 109 жыл мурун, 1908-жылы 10-январда мамлекеттик жана партиялык ишмер Төрөбай Кулатов Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында туулган. 9 жашынан 16 жашка чейин байларга жалданып иштеген. Кийин темир жол жумушчусу, Кызыл-Кыядагы "Жал" шахтасында көмүр казуучу, Шахта комитеттеринин төрагасы, Көмүрчүлөр союзунун шахта комитетинин төрагасы болуп эмгектенген. Ош облустук партиялык мектепти бүтүрүп, "Жал" шахтасында парторг, Кызыл-Кыя шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, "Кыргыз көмүр" трестинин башкаруучусунун орун басары кызматтарын аркалаган.
1932-жылы Коммунисттик партияга кабыл алынып, эмгекчилердин кызыкчылыгын коргогон. Анын колдоосу астында Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Сүлүктү көмүр кендери реконструкцияланып, ал жерге турак жай, мектеп жана медициналык мекемелер салынган. Түштүктөгү түшүм берүүчү жерлерди сугарган Жаңы-Арык жана Отуз-Адыр каналдарынын курулушуна чоң салым кошкон. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда фронтко жардам берүүгө күч жумшаган.
1945-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп дайындалып, бул кызматта 1978-жылга чейин иштеген. Мындан тышкары СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Т.Кулатов өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Ошондой эле элдик курулуш иштерине чоң көңүл бөлгөн. Дайыма курлуш иши жүрүп жаткан аянтта болуп, жумушчулар менен кеңешип иш кылган. 1978-жылы ал пенсияга чыккан. 1984-жылы 76 жаш курагында көз жумган. 2008-жылы Кыргыз мамлекети Т.Кулатовдун 100 жылдык мааракесин белгилеген. Анын ысымы Бишкектеги көчөлөрдүн бирине берилген. 5 Ленин ордени, Октябрь революциясы ордени, башка 4 орден жана медалдар менен сыйланган.
10-январга карата жылнаама.