Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Азербайжандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 25-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн мамилелерин өнүктүрө турган бир нече маселелерге токтолуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын өнүгүшү тууралуу талкуу болду. Ошондой эле жолугушууда ушул жылы кыргыз-азербайжан бизнес-форумун өткөрүү жана Стамбул-Баку-Бишкек –  Бишкек-Баку-Стамбул аба каттамын ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Азербайжандын элчиси улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесин өткөрүү үчүн Азербайжанда мамлекеттик деңгээлде даярдыктар көрүлүп жаткандыгын белгилеп, Жантөрө Сатыбалдиевди каалаган учурунда расмий иш сапары менен Азербайжанга келип кетүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан