Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдык базасын жаңы Конституцияга ылайыктоого 1 ай мөөнөт берилди

Кыргыз Республикасынын мыйзамдык базасы 1 айдын ичинде жаңы Конституцияга ылайыкташтырылат. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 9-январда тийиштүү органдарга ушундай тапшырма берди.

"Кыргыз мамлекети үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү абдан маанилүү, ал өлкөнүн мамлекеттик көз карандысыздыгын бекемдөөгө жана парламенттик башкарууга толук түрдө өтүүгө шарт түзөт. Ошондуктан өкмөттүн алдында өлкөнүн мыйзамдык базасын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайыкташтыруу боюнча маанилүү тапшырма турат", - деди Жээнбеков.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 11-декабрында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, анын жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы 22-декабрда чыгарган. Референдумга добуш берүүчүлөрдүн 42,28 пайызы катышканын, анын 79,63 пайызы "макул" деп добуш бергенин жарыялаган. Расмий түрдө референдум өттү деп таанылды. Жаңы Конституция 15-январда күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан