Азимжан Аскаров: "Мен күнөөлүү эмесмин, күнөөм болсо Кудай жазаласын"

Бүгүн, 10-январда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишин карап жатат. Мурдагы сот отурумунда жарыш сөздөр айтылган эле. Бүгүн кыстырмалар айтылып, жактоочулар Аскаровдун мыйзамсыз кармалып, кыйноого алынганын баса белгилешти. Ошондой эле соттон акыйкат чечим чыгарууну суранышты. Ал эми айыпталуучу Аскаров: "Мен күнөөлүү эмесмин, күнөөм болсо Кудай бул жашоодо жазаласын. Сот ишти объективдүү карап, туура чечим чыгарат деген үмүттөмүн", - деди.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
kenjebek_a
2017-01-10 12:24:48
Адам олтургон кылмышкердин орду турмо.Эгер соттор актаса АШАнын концтитуцияны озгорткону жон эле оюн болгон болот.Себеби АША эгемендуулук кунундо аянтта концтитуцияны озтортуштун бир себебин ушул аскаровду мисал кылган.Эгер акталса Аскаров эле эмес азыркы бийлик менен АШАны Ош окуясында жабыркаган кайран Эл тез эле ордуна коет.
+8
Ali-91
2017-01-10 12:30:26
БУУ (ООН) Кыргыз республикасынын ички ишине аралашпашы керек болчу.Конституциябыздын эл пайдасына жазылбагандыгынан БУУ ички ишибизге аралашып жатат.БУУ биздин жогорку соттун чечимин жокко чыгарып коюптур.Бул не деген шермендечилик!!! Соттор ишти кылдат карап,адилет чечим чыгаргыла!!!
+2
Bekzamann
2017-01-10 12:44:28
Куноолуу болгонун учунда Аллахым ушундай жазанды берип жатат.. камакта чи ордун сенин!
+3
Nazar76
2017-01-10 13:04:29
Куноосу бар сосуз жазалаш керек буга окшогондордун дагы канчасы камалбай еркиндикте журот
+4
tyrgon
2017-01-10 13:30:06
сен бул дуйнодо жазанды алышын керек
+3
ayjan_90
2017-01-10 14:44:40
Соттор алмайын алышып чыгарып жиберишет коросунор го бизде качан эле чындык биринчи орунда эле
0
more22
2017-01-10 15:20:26
Сени кудайым албетте жазалайт бул дуйнодо болбосо наркы дуйнодо жазалайт сен тозокто ХХХ иншалах сени арбактар тынч койбойт
+2
admin_portal
2017-01-10 15:31:45
more22, порталдын эрежелерин сактаңыз!
-3
basyz-kaman
2017-01-10 15:31:48
Азимжан Аскаровго окшогондор камактан чыгып кетпесин деп "Баш мыйзамды" өзгөрттүк эми көрөлүчү соттун жыйынтыгын...
+1
Seiil.94
2017-01-10 15:47:32
бул мыкаачыны илен салан кылбай ХХХ эле салсанар деле болот.
0
admin_portal
2017-01-10 15:52:35
Seiil.94, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган!
-2
GGggUUuuLLll
2017-01-10 17:10:42
Айланайын Азимжан жаман күйдүрдүң го деги..Кыргыздын укук коргоочу аялдары(Азиза Абдурасулова,Төлөйкан Исмаилова,Токтайым Умөталиева) сендей канкорду коргогончо
кор болуп жүргөн кичинекей балдарды коргосо болот эле!!
+4
Dastanwanted
2017-01-10 18:25:23
Бул ким эле?
0
Baatur7777
2017-01-10 20:13:25
Улуту озбекпи?озбек болсо актана берет да ишенбеш керек!
+1
civic93
2017-01-11 00:02:30
Ошол абакта жатканын кудайдын жазаасы сана
+1
Zaika10
2017-01-11 08:56:17
Ууру тойгуча жеп олорчо карганат болбочу!
0
shamalchanin
2017-01-11 22:31:28
Жазанды и так аласын. Соттор адилетту чечим чыгаргыла. Омур бою ажыратылганы озу туура чечим болгон. Жон эле эмес мыкаачылык менен олтургондон кийин Азимжанды аяп койсонор анда нак эле резинка болосунар колдонулган!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан