Сүлүктүдөгү шахтада көмүр казып жаткан тургундун үстүнө таш кулап, ал каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 9-январь күнү саат 16:15 чамасында болгон. Анда Сүлүктү шаарындагы "Белес-1" ишканасына таандык шахтада өз алдынча көмүр казып жаткан 17 жаштагы тургундун үстүнө таш кулаган. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерден жан берген. Аталган ишкананын кызматкерлери каза болгон маркумдун сөөгүн "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.