Мындан 55 жыл мурун, 1962-жылы 10-январда Перудагы Анд тоосунун эң бийик Невадо-Уаскаран чокусунан болжол менен массасынын көлөмү 3 миллион метр кубга жеткен кар жана муз көчкөн. Бул дүйнөдөгү эң ири көчкүлөрдүн бири болуп катталган. Көчкү Ранраирка шаарчасын жана 6 айылды жер менен жексен кылып, дагы 3 айылды жарым-жартылай басып калган. Болжол менен 4000дей киши каза болуп, 10 миң баш мал жок болгон.
10-январга карата жылнаама.