Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети сарымсак ирригациялык тармагын өнүктүрүүгө багытталган келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Маалыматка ылайык, кыргыз тарап 2014-жылы Араб координациялык тобунун кароосуна 10 ирригациялык инвестициялык долбоорду сунуштап, Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү аны каржылоого кызыкдар экенин билдиришкен. Долбоордун болжолдуу наркы 16,5 миллион доллар. Долбоор толук ишке ашырылса, Талас облусунун Кара-Буура районунда кошумча 2000 гектар жаңы жерди өздөштүрүүгө жана 1600 гектар айдоо жерди суу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Талкуу учурунда айрым депутаттар өлкөгө келген насыя акчалары уурдалып жатканын, алардын иштетилишине көзөмөлдү күчөтүп, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын айтышты.