Мындан 45 жыл мурун, 1972-жылы 10-январда Украинанын Львов шаарындагы Городоцкая көчөсүндө жүрүп бара жаткан трамвайдын айдоочусу уктап калып, транспорт башкаруудан чыгып кеткен. Жүргүнчүлөр авариялык токтоо баскычтарын басса да рельстик тормоздор иштеген эмес. Трамвай рельстен чыгып, Шевченко жана Городоцкая көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада турган жүргүнчүлөрдү жана мектептин имаратын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 26 киши каза тапкан.
10-январга карата жылнаама.