Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги "Түркияда кыргыз кызды эки мекендеши сабаган" деген маалыматты териштирип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарга бир кызды башка кыздар кыйнап, тилин кесебиз деп коркутуп жатканы тартылган видео тараган эле. Бул окуя Түркиянын Измир шаарында болгону айтылууда. Маалыматка караганда, жабырлануучу учурда полициянын көзөмөлүндө.