Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Япониянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Бүгүн, 25-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Коикэ Такаюки менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшү талкууланды. Премьер-министр Япон жетекчилигине жана элине дипломатиялык байланыштын түптөлгөнүнөн баштап эле Кыргызстанга көрсөтүп жаткан жардамдары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. “Биз "бир айыл - бир өндүрүм” келечектүү долбоорун кеңири жайылтууга кызыкдарбыз. Ошондой эле эки өлкө ортосунда гуманитардык жана техникалык кызматташтык тармактарын да өнүктүрүү зарыл”,- деди өкмөт башчы. Өз кезегинде Коикэ Такаюки дипломатиялык миссия “бир айыл - бир өндүрүм” долбоорун кеңейтүүнү жана анын продукциясын Японияга экспорттоону баштоону пландап жаткандыктарын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан