Шайлоодо мыйзам бузгандар 3-5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде бүгүн, 10-январда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилердин айтымында, долбоордо шайлоо тартибин бузуулардын алдын алууга, аларды болтурбоого жана жазалоого көмөктөшө турган жазалар сунушталууда.

Тагыраак айтканда, тийиштүү мыйзамдын 141-беренеси добуш берүү же референдум күнү техникалык кызмат көрсөтүүлөргө жооптуу операторлордун жазасы каралган норма менен толукталат. Андан сырткары Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесине сунуш кылынган, Кылмыш-жаза кодексинин 140-беренесинде каралган өзгөртүүлөр жеке-элдик айыптоо категориясына которулат.

Шайлоо учурунда мыйзам бузгандарды 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан