Базар-Коргон районунда 5 жаштагы баласын сабап өлтүргөн жаран 13 жылга соттолду

Базар-Коргон районунда 5 жаштагы баласын сабап өлтүргөн жаран 13 жылга соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 2016-жылдын 16-февраль күнү Базар-Коргон айылында болгон. Анда 1987-жылы туулган Нодирбек Мурахмедов аттуу жаран 2011-жылы туулган баласын "тил албайсың" деп таяк менен башка эки жолу чапкан. Ошол эле күнү саат 20:00 чамасында кичинекей сыналгысын сындырып койгону үчүн да сабаган. Ал эми саат 23:00 чамасында уулун жуундуруп коюу максатында чакырганда, ал качып ички бөлмөгө кирип кеткен. Артынан кирип жашы жете элек алсыз абалда болгон баланы башы менен бир нече жолу жерди сүздүргөн. Алган жарааттан улам бала ошол жерден каза болгон.

2016-жылдын 9-сентябрында Базар-Коргон райондук соту Нодирбек Мурахмедовду Кылмыш-жаза кодексинин "байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга шарттуу эркинен ажыраткан. Ошондой эле 2 жыл сынак мөөнөтү белгиленген.

Ал эми биринчи инстанциядагы соттун аталган өкүмүнө апелляциялык тартипте сунуш Жалал-Абад облустук сотуна келтирилген.

Облустук сот иштин материалдарын изилдеп, апелляциялык сунуш менен каршы пикирдин жүйөлөрүн талкуулап, соттолуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн, соттолуучунун акыркы сөзүн угуп, 2016-жылдын 30-ноябрындагы өкүмү менен Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 9-сентябрындагы өкүмү өзгөртүлүп, Нодирбек Мурахмедов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "күнөөкөр үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү өлтүрүү" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөй турганы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Arslan12
2017-01-10 14:57:31
Жазасын алсын!
+3
farhat84
2017-01-10 15:05:09
Кудаай сактасын
+2
Musabaeva.
2017-01-10 15:08:58
Таш боор, омур бою эркинен ажыратыш керек.
+2
tuigan.
2017-01-10 15:09:29
Ата болуш оной эле.аталык кылуу эн кыйын
Мээримин болбосо балага
Аталыгын бир тыйын.
+11
KUMKA
2017-01-10 15:13:33
аз го,кеминде 20 жыл,активистер болсо кол топтоо уюштуралы

+4
wwwbaxa
2017-01-10 15:15:26
Кантип жашайт болду экен оз баласын олтуруп коюп...
0
Djal1987
2017-01-10 15:26:02
Байкуш бала адам чыдагыс соккуга чыдабай жан бергендир.
0
Manutd.kg
2017-01-10 15:30:48
..
0
palina
2017-01-10 16:38:42
Байкуш бейкуноо нарирте...
0
Tunerbei1812
2017-01-10 17:00:41
Душманына да каалабай турган иш экен. Бул байкабастык эмес. Ошондуктан баласына бейиш, атасына турмо анан тозок буйурсун. Башка соз болушу мумкун эмес.
0
Ayida
2017-01-11 00:01:35
Неге апасы жуундурбайт?Апасы айды карап атабы атасы уруп атса?же жокбу аялы
0
December24
2017-01-11 16:25:45
Мындайларды камап кереги жокко дейм,эл алдына алып чыгып майып кылып салыш керек менин оюм,ошондо билет адамдын кадырын.
0
kanyshai_2011
2017-01-12 21:27:28
ХХХ омур омур бойу турмодо чири .биоого кор бироого зар.байкуш бала .
0
admin_portal
2017-01-13 09:24:33
kanyshai_2011, этика нормаларын сактаңыз!
0
admin_portal
2017-01-13 09:26:26
more22, kaisarbek,
коомдук адепке туура келбеген жана провокациялык билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан