26-апрелде Баткен шаарында 1-эл аралык инвестициялык форум өтөт. Бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн учурда кызуу даярдык көрүлүп, жарманке үчүн атайын жай даярдалды. Ошондой эле форумдун алкагында уюштурулуучу жарманкенин катышуучулары өздөрү алып келген буюмдарын орундарына жайгаштырууда. Өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлүнүн маалымат катчысы Мамажан Бердишевдин айтымында, даярдык иштери дээрлик аяктап калды.