Таиланддын түштүгүн суу каптап, каза тапкандардын саны 25ке жетти

Бир нече күн бою тынымсыз жааган жаандын кесепетинен улам Таиланддын түштүгүн суу каптады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Жергиликтүү бийликтин билдиргени боюнча, 10-январга карата каза болгондордун саны 25ке жетти. Дагы 2 киши дайынсыз жоголгондордун катарында. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча департаменти билдиргендей, Түштүк Таиланддагы 360 миң турак жай жайгашкан 12 провинция суу алдында калган. Бул аймактарда 1,1 миллионго жакын эл жашайт. Мындан тышкары табигый кырсык 200гө жакын ички жолдорду, 60тан ашуун көпүрөлөрдү алып кетти. Катаал кырдаал Банг Сапхан аймагындагы Прачуап Кхирикхан провинциясында сакталып турат. Бул аймакта жайгашкан жергиликтүү ооруканадан 9-январда түнү менен бейтаптарды эвакуациялаганга туура келген. Автоунаа жана темир жол каттамдары убактылуу жабылып, баш калаа - Бангкоктон кырсык катталган аймактын курорттук шаары болгон Хуахинге чейин гана жетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Эске сала кетсек, 8-январда Таиландда бир нече күндөн бери тынбай жаап жаткан жаандан улам жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча департаменти жана синоптиктер сел жүрүп, суу каптай турганын алдын ала эскертишкен.

Таиландда катуу ташкындан калк жабыркады
Таиланддагы ташкындан дагы бир видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nurik95
2017-01-10 17:45:50
Жыргап чомулуп журушот го адамдар
+2
deva
2017-01-10 17:48:14
Бадыева ошол жакта эс алып жүрөт эле го, эмне болду экен? Же башка жагындабы?
0
Keremet008
2017-01-10 18:15:02
deva,Бакуля азыр Кыргызстанда откондо жаны жылда Простиеи ырдап чыкты го
0
Nazikbaigazy
2017-01-10 19:01:06
Бактыгул кече Таиландта тушкон суротун инстамирге киргизген болчу, келе бер тезирээк
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан