Аламүдүн районунда "жергиликтүү тургунду сабап, акчасын жана уюлдук телефонун алып кеткен" деп шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 8-январь күнү саат 21:00 чамасында болгон. Анда Лебединовка айылынын жашоочусу, 28 жаштагы тургундун үйүнө бет капчан эки белгисиз адам кирип, ур-токмокко алган. Андан соң акчасын жана уюлдук телефонун алып, из жашырып кетишкен. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Б.Е. жана 1997-жылы туулган М.В. кармалган. Иликтөөдө шектүүнүн бири жабырлануучу менен бирге жашаган аялдын мурдагы күйөөсү экендиги аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.