Бүгүн, 10-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бир катар маалымат каражаттарына УКМК төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаевдин депутат Ирина Карамушкинага жазган жооп каты интернетке жарыяланды. Анда интернеттеги социалдык тармактардан президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине негативдүү пикир жазган 45 интернет колдонуучу аныкталгандыгы тууралуу жазылат. Эске салсак, буга чейинки Жогорку Кеңештин жыйындарынын биринде КСДПчы Ирина Карамушкина социалдык тармактарда президентке карата негативдүү сөздөр көп жазылып жаткандыгын айтып, УКМК ал боюнча кандай иштерди алып барып жатканына кызыккан эле. Болот Сүйүмбаевдин жооп катында Фейсбукта өлкө башчысына карата ар кандай терс пикир жазган 10 адамдын IP-дареги аныкталганын, алар Беларусь, Түштүк Корея, АКШ, Түркия, Казакстан өңдүү өлкөлөрдөн жазып жатышкандыктан чара көрүү мүмкүн болбой жатканы айтылат. Буга катар президентке терс пикир жаадырган дагы 35 интернет колдонуучу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы кошумчаланат.
УКМК башчысынын орун басары Болот Сүйүмбаевдин бул каты коомчулукта талкуу жаратууда. УКМК менен депутаттын бул иш-аракетин сөз эркиндигин басмырлоо катары баалагандар бар. Бул ишти туура эле деп баалап, өлкөдө жеке эле президент эмес, мамлекеттин ар бир жараны беделине шек келтирүүчү ар кандай мазактоолордон, улутуна, физикалык абалына карата кемсинтүүдөн корголушу керек деген пикирдегилер да бар. Интернет айдыңында айрым саясатчыларды келекелеп ат коюп, ата-жотосуна чейин мазактап, сөгүп, жаныбарларга салыштырган аша чапкан колдонуучулар көп. Интернеттеги кайсы социалдык тармак, форумдар, сайттардагы талкууларды карабагын, Адахан Мадумаровго, Турсунбек Акунга, Өмүрбек Текебаевге, Албек Ибраимовго, Өмүрбек Бабановго же Нурлан Мотуевге жана башкаларга карата ушундай мазактоолорду көрүүгө болот. Алар да УКМКнын коргоосуна муктаж. Буга катар улуттар аралык, регионалдык, диний бөлүнүүгө чакырык жасап, провокациялык жүрүштөргө үндөгөндөр бар. УКМК ириде мына ушундай колдонуучуларга карата чара көрүүсү шарт. Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин бир дагы депутат жөнөкөй жарандын беделине социалдык тармактар аркылуу шек келтирип жатышат деп трибунадан кыйкырган эмес. Бирок жакынкы күндөрү эле депутат Дастан Бекешев коомдук активист Мавлян Аскарбековду социалдык тармакта ал тууралуу жазган посту үчүн сотко берип утуп алды. Башкача айтканда, сот Мавлян Аскарбековго 700 сом айып пул салып, анын постунда жазылган сөздөр чындыкка дал келбестигин билдириши керек деп милдеттендирди. Дегеле, депутаттар да, УКМК да президентке катар карапайым жарандардын укуктары тууралуу да ойлоно жүрүшсө...
Интернеттеги социалдык тармактарга бир кыргыз кызды башка эки кыргыз кыз кыйнап, тилин кесебиз деп коркутуп жатканы тартылган видео тарады. Сабалып жаткан кыздын колу таңылган, аны кордоп жаткан кыздар аны түрк улутундагы адамдарга кыргыз кыздарды сатат деп күнөөлөшкөнү угулат. Бул окуя Түркиянын Измир шаарында болгону айтылууда. Тышкы иштер министрлиги видеодогу окуя боюнча Түркиянын Тышкы иштер министрлигине билдирме жөнөттү. Кыргыз кыздарынын чет жерде сабалганы боюнча бул биринчи окуя эмес. 2016-жылдын акыркы күндөрүндө эле Түркияда кыргыз кызы сабалып,
эс-учун жоготкон абалда ооруканага келип түшкөн. Учурда аны сабоого шектелген жана "сексуалдык кулчулукка сатып жиберген" деген шек менен 3 адам кармалган. Буга чейин өздөрүн “патриот” атаган акылсыздардын кыздарды ур-тепкиге алганы тартылган видеолор да интернетке байма-бай жарыяланып келди. Алардын көпчүлүгү жаза тартышкан жок. Ал эми мындай жазасыз калуу алардын ар кимди өз билемдикке салып жазалап, мазактай берүүсүн күчөтөт. Себеби мыйзам иштебеген жерде баш аламандык, алсыздарды басынтуу күч алат. Башка мамлекетте жабыркаган жарандарыбыз кай жакка кайрыларын билбегендиктен, укугу корголоруна ишенбегендиктен да көп учурларда күнөөлүүлөр жазасыз калышууда. Кыргыз жергесинде жумуш орду жетишсиз, айлык акы аз болгондуктан, жарандардын көбү чет жерде көбүнчө кара жумуштарда иштеп өзүн жана жакындарын багууга аргасыз. Бийлик өз жарандарын жумуш менен камсыз кыла албаган соң, жок дегенде чет жерде алардын укуктарынын корголушун камсыз кылуусу керек...