Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги: "Балдар интернаттарындагы тарбиялануучулардын 70-80 пайызы социалдык жетимдер"

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 10-январда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунованы кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Таалайкүл Исакунова учурдагы аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу айтып, министрликтин иш-аракетин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны инвентаризациялоо жана жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

"2015-жылдан тарта жарандарды жумушка орноштуруу маселеси Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине берилген. Тиешелүү нормативдик-укуктук базалардын жоктугуна байланыштуу бул багытта керектүү иштер жүргүзүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө биз эмгек маселеси боюнча министрликтин ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаларды иретке келтирүү үстүндө иш алып баруудабыз", - деди Исакунова.

Премьер-министр жарандарды жумушка орноштуруу менен катар калкты социалдык жактан колдоого алуу негизги тапшырмалардын бири экенин эскертип, бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иш алып баруу керектигине токтолду.

Премьер-министр белгилегендей, социалдык колдоо көрсөтүү жаатындагы мамлекеттик саясат аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө даректүү жардам берүүнү күчтөндүрүү аркылуу
үй-интернаттарынын санын оптимизациялоого багытталышы кажет. Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө балдар интернаттарындагы тарбиялануучулардын 70-80 пайызы социалдык жетимдер болуп эсептелинет, анткени алардын ата-энелери ар кандай себептер менен аларды камсыздай алышпайт.

Мындан тышкары өкмөт башчы социалдык тармакка бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүүнү жана мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пулдардын даректүүлүгүн жакшыртуу иретинде аны дайындоо критерийлерин карап чыгууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан