Бүгүн, 11-январда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шаардын мэрин шайлашат. Шайлоо жашыруун добуш берүү менен өтөт.
Айта кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы шаар мэрлигине Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин көрсөтөт. КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика-Ата Журт" фракцияларынан турган көпчүлүк коалициясы Албек Ибраимовду шаар мэри кызматына көрсөтүү чечимине келген. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкер сунуштабай турганы маалым болгон. Саясий серепчилер "Бишкек мэрлигине талапкерлер Ибраимов менен Абдылдаев утулуп, үчүнчү талапкер жеңип чыгат" деген ойлорун айтышууда.