Айдаркен шаарындагы батирлердин биринде өрт чыгып, бир адам бутунан күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат кечээ, 10-январь күнү саат 18:05 чамасында келип түшкөн. Анда №9-үйдүн 17-батиринде 2 төшөк, 1 жаздык, 1 электр плитасы күйгөн. Ошондой эле батирде убактылуу жашап жаткан 1949-жылы туулган Р.А. бутунан күйүк алган. Ошол учурда ал мас абалда болгон. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.