Жогорку Кеңеште жаңы депутат Дүйшөн Төрөкулов ант берди

Жаңы депутат болуп келген Дүйшөн Төрөкулов бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ант берди. Спикер Чыныбай Турсунбеков депутатты кызматка расмий киришүүсү менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалады.

Дүйшөн Төрөкулов 1981-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2009-жылы Баткен мамлекеттик университетин машыктыруучу, 2012-жылы Ош мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча бүтүргөн.

Эскерте кетсек, Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө макул болбой, мандатын тапшырган Чолпон Жакупованын ордуна “Бир бол” партиясынын тизмесиндеги Дүйшөн Төрөкулов мандат алган. 6-январда БШК аны депутат катары каттап, күбөлүгүн тапшырган. Дүйшөн Төрөкулов мурда Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси болуп иштеген. Коомчулукта анын "Душка" деген лакап ат менен белгилүү криминалдык чөйрөнүн өкүлү экени айтылып жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан