Бүгүн, 25-апрелде президент Алмазбек Атамбаев “1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Жеңиш күнү өлкөдө бүткүл элдик майрам катары белгиленет. Ошондой эле жарлыкта өкмөт Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгын 2015-жылы майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүүсү, 70 жылдык мааракени өткөрүү боюнча улуттук программаны иштеп чыгуусу, согуштун ардагерлеринин социалдык абалын жакшыртуу чараларын кабыл алуусу жана башка ушул жарлыктан келип чыккан бардык маселелерди чечүүсү керектиги белгиленген. Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттик аппараттын жетекчисине жүктөлдү. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.