Орусияда кыргыз үй-бүлөсүндө сүннөткө отургузулгандан кийин чарчап калган 3 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Орусияда кыргыз үй-бүлөсүндө сүннөткө отургузулгандан кийин чарчап калган 3 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, окуя 6-январь күнү Красноярск аймагынын Ленин районунда болгон. Анда 31 жаштагы тургун тааныш хирургун үйүнө чакырып, 3 жаштагы баласын сүннөткө отургузган. Андан соң баланын абалы начарлап, чарчап калган. Учурда бул боюнча 28 жаштагы дарыгер суракка алынып, "байкабастан өлүмгө алып келүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Алдын ала иликтөөлөргө караганда, хирург алгач балага оору сездирбөөчү дары сайган. Баланын чарчап калышына ошол дары себеп болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Nazikbaigazy
2017-01-11 11:54:47
Оо кудаай не деген шордук, ата энесине сабыр берсин, 3 жаштагы бала козго корунуп эн ширин болуп турган убагы
+8
Bazana
2017-01-11 12:11:07
3 жашта эрте эмеспи
+2
Arslan12
2017-01-11 12:14:15
Bazana,Эрте эмес
+2
ainura220888
2017-01-11 12:39:04
Ал жакта опыт жок врачтар Кыргызстанга алып келип эле отургузбаптырда. Биз жакта Дилбаржан деген киши бар эле обезболивающий уколу жок эле отургузуп койот эле. Бычагын арак менен жууптуруп. Кийизди куйгузуп кулун басып койчу 97-98-жылдары акемин балдарын ошентип эле отургузушкан эртеси эле чуркап басып кеткен.
+2
Saribulak
2017-01-11 13:04:22
Кыргызстанга барып эле отургузбайт беле! Же кичине кутуп турбайт беле беш алтыга чыкканча. Баланын убалы кимге эми? Эмне шашат каяка шашат атандынкору десе.
+2
rejepova
2017-01-11 13:19:49
кышында отургузбайт баланы
+3
etaj_rus79
2017-01-11 14:11:43
rejepova, кайсы убакта олтургузсада боло берет сунотко олтургузуштун эч кандай маалы жок жарай берет кайсы мезгил болсода
-1
Djal1987
2017-01-11 14:10:46
Окелерге табылбай калыптыр да ичкен ашын жерге коюп изилдешет эми.
-1
33SUUN
2017-01-11 15:45:45
Ата энесине сабыр берсин кудайым.Журок ооруткан окуя болуптур.
+2
abdykadyrova
2017-01-11 16:49:42
Окуп алып аябай жаман болотам. О жараткан Ата энесине сабыр бере кор.
0
Ali-91
2017-01-11 19:47:26
Орүс хирург билбесе керек да сүннөткө отургузууну.Кантсе да,баланын ажалы жеткен экен,сүннөткө отургузуу себеп гана болду.
-1
Ajar812
2017-01-12 00:32:42
Журогум оруп чыкты. Менда куздо кестирдим кескичкеле тез айыгат дегенинен,бирок айыкканча озумо келбей коркуп журдум .Эми дале ойлосом корком эн жаман нерсе экен балдардын журогу тушот экен
0
Kroxa
2017-01-14 10:13:31
Кышкысын деле кесет кыргызстанда жакында эле эжемдин неберелерин 3 баланы отургузган 1 ай болду чуркап журушот..ажалы жеткен экен байкуш баланын...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан