Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн К.У. аттуу кызматкери жергиликтүү тургундан маселесин оң жакка чечип берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.
"Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери 10 миң сом акча алып жаткан учурда колго түшүрүлдү. Ага карата 313-берене (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.