Бишкекте жаран "сүйлөшкөн кызын автоунаада сейилдетүү үчүн унаа уурдады" деп шектелүүдө

Бишкек шаарында автоунаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 10-январдан 11-январга караган түнү саат 01:30да катталган. Анда В 00-58 АY мамлекеттик номурлуу Хонда-Акура үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылганы Патрулдук милиция кызматына күбөлөр тарабынан кабарланган. Ал эми күбөлөрдүн айтымында, унаа катуу ылдамдыкта келип темир бетонду сүзгөн. Андан соң анын айдоочусу жана ичинде отурган кыз белгисиз тарапка качып кетишкен.

Иликтөөнүн жыйынтыгында 1997-жылы туулган жаран кармалып, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. “Мен Бишкектеги Рыскулов көчөсүндөгү унаа жуучу жайда иштейм. Кардар бизге унаасын жуудуруу үчүн таштап кеткен. Сүйлөшкөн кызым менен сейилдеп келүү үчүн унааны айдап чыккам”, - деп билдирген кармалган жаран.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kairylbaimyn..
2017-01-11 13:17:58
Артык болом деп тыртык болуптур да.
+2
UlukmanKalyev
2017-01-11 13:33:57
Азыркы жаштарда уят адеп деген нерсени көрбөйсүн. Миң наалат ишиңден да айланасын намысыңада доо кетти.
0
farida.kg.1991
2017-01-11 14:23:41
мактанган кыз тойдо осурат болуптурда
0
abdykadyrova
2017-01-11 16:55:16
farida.kg.1991,осурганда да каттуу осуруптурго...☺
-2
Tunerbei1812
2017-01-12 11:22:54
Кызынын алдында каскадёр болуп бир онорун корсотуп койоюн деген экен да жигит. Жаштыктын деми да, аны бир адеп, ыйман деген рамканын ичине салып кое албайсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан