ЖЫЛНААМА, 11-ЯНВАРЬ: 124 жыл мурун Италияда 100 миңге жакын кишинин өмүрүн алган жер титирөө болгон
Мындан 124 жыл мурун, 1893-жылы 11-январда Италиянын Сицилия аймагындагы Этна жанар тоосунун атылып чыгышынан улам күчтүү жер титирөө болгон. Анын кесепетинен Түштүк Италия, Сицилия жана Мальта ири кыйроолорго учурап, 100 миңге жакын киши набыт болгон.
Сицилиянын Валь-ди-Ното району толугу менен кыйрап, жер титирөөдөн кийин ал жерге барокко (архитектуралык стиль) стилиндеги курулуштар салынган. Мындай стилде Сицилияда бир нече имарат курулуп, аралдын түштүк-чыгышындагы 8 шаардагы объектилер ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кошулган.
11-январга карата жылнаама.