Жоомарт Сапарбаев: "APR авиакомпаниясы Азиз Батукаевди “Манас” аэропортундагы VIP-залда тейлөө үчүн 20 миң сом төлөгөн"
"APR авиакомпаниясы “мыйзамдагы
ууру” Азиз Батукаевди “Манас” аэропортундагыVIP-залда тейлөө үчүн 20 миң сом төлөгөн". Бул тууралуу
бүгүн, 25-апрелде Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу жана Кыргызстандан сыртка
чыгып кетүүсү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев
билдирди. Анын айтымында, мындай маалыматты комиссияга “Кыргызаэронавигация”
ишканасы берген. “Учакка Батукаев аталган зал аркылуу барып, анан түшкөн”,-
деди депутат. Эске сала кетсек, оор кылмыштары үчүн 2006-жылы 16 жылга эркинен
ажыратылган Азиз Батукаев 9-апрелде Нарын шаардык сотунун чечими менен абактан
бошотулуп, ошол эле күнү түндө чартердик каттам менен Кыргызстандан Грозный
шаарына учуп кеткен. Ал буга чейин Нарын шаарындагы №4-СИЗОдо жаза мөөнөтүн
өтөп келген.