ЖЫЛНААМА, 11-ЯНВАРЬ: 3 жыл мурун Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек арасында атышуу болгон

Мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы 11-январда Баткен районунун Ак-Сай айылына жакын жердеги суу бөлүштүрүүчү жайда Кыргыз Республикасынын чек арачылары күзөт учурунда Тажикстандын чек арачылары менен жаңжалдашып, натыйжада ок атышуу болгон. Жыйынтыгында Кыргыз өлкөсү тараптан 8, ал эми Тажикстан тараптан 4 аскер жаракат алган. Ал атышууда Тажикстандын аскерлери гранатомёт менен атышып, бирок снаряд жарылбай калган. Снаряд Баткендеги Ак-Сай айылынын аймагына түшкөн. Бул чек ара жаңжалынын башталышына Тажикстан тарап күнөөлүү деп билдирген ошол кездеги вице-премьер-министр Токон Мамытов.

КРнын Чек ара кызматы куралдуу чыр-чатактын чыгышына Тажикстан тарап өбөлгө түзгөнү, Тажикстандын чек арачылары Кыргыз өлкөсүнүн чек арачыларына карата куралды биринчи колдонушканы тууралуу билдирүү тараткан. Ал эми Тажикстан бул маалыматты четке кагып, Кыргыз мамлекетинин жоокерлери биринчи болуп ок чыгарганын айтышкан.

11-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан