Базар-Коргон районунда 16 жаштагы Тумар Таалайбек кызы изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, 2-январь күнү Тумар Көлмө айылындагы үйүнөн белгисиз себептер менен чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, ошол күнү үстүнө кара күрмө, ак көйнөк жана көк түстөгү жынсы шым кийип жүргөн. Милиция Тумар Таалайбек кызы тууралуу билгендер болсо, 0559 60-62-69 номуру аркылуу ата-энесине кабарлап коюшуңуздарды өтүнөт.