Мындан 19 жыл мурун, 1998-жылы 12-январда Франциянын Париж шаарында адамды клондоого тыюу салуу боюнча протоколго кол коюлган. Мындай чечим 1996-жылы кабыл алынган Адам укугун коргоо жөнүндөгү Европа кеңешинин конвенциясына толуктоо деп белгиленген. Протоколго кол коюуга 19 өлкө - Дания, Эстония, Финляндия, Франция, Греция, Исландия, Италия, Латвия, Люксембург, Молдова, Норвегия, Португалия, Румыния, Сан-Марино, Словения, Испания, Швеция, Македония жана Түркия катышкан. Аталган протоколдо "адамды клондоо биология менен медицинаны кыянаттык менен пайдаланууну билдирип, медициналык, психологиялык жана социалдык тартиптин бузулушуна алып келет" деп жазылган.
Мындан сырткары Орусия, АКШ, Германия, Испания, Швеция, Нидерланды, Бельгия жана Япония мамлекеттери өздөрүнүн улуттук мыйзамдарында адамды кайрадан жасап чыгууга тыюу салышкан.
Клондоо - индивидди генетикалык мүнөздөмөлөрү жана сырткы көрүнүшүн бирдей кылып кайра өндүрүү. Азырынча адамды клондоо технологиясы иштелип чыга элек.
Улуу Британия клондоонун мекени деп эсептелет, алсак, 1997-жылы Долли аттуу койду клондошуп, ал 6 жыл жашаган. Ошондой эле бул өлкөдө чычкан, эчки, чочко, мышык, ит жана уйду клондоо боюнча эксперименттер жүргүзүлүп келет.
12-январга карата жылнаама.